Кыргызстан менен Кытайдын маданий байланышынын жана кызматташтыгынын шартында эки өлкөнүн классикалык эмгектерди өз ара которуу долбоору маанилүү маданий программа катары ыраатуу алдыга жылып, учурда көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти.
Кытай тилинен кыргыз тилине которулган “Тарыхый материализм жана азыркы Кытай”, “Кытайдагы мыйзамдык башкаруу”, “Демократиянын Кытайдагы тажрыйбасы” жана “Экономикалык өсүш жана түзүлүш прогресси: Кытайдын жаӊы мезгилинен берки тажрыйба” жакын арада салтанаттуу түрдө жарыкка чыкканы турат. Муну менен окурмандарга Кытай социализминин жана башкаруусунун жаӊы мейкиндиктери чечмеленип берилет.

Бирок, окуу китептеринин жана 2019-жылы КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Азиянын классикалык эмгектерин өз ара которуу демилгесин көтөргөн, мунун максаты Азиянын ар бир өлкөсүнүн Кытай менен болгон маданий байланышына жана маданий алмашуусуна түрткү берүү болгон.
2022-жылдын февраль айында Президент Садыр Жапаров Пекиндеги Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземинине катышуу учурунда Төрага Си Цзиньпин менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык алака-мамилелерге жана өз ара билим алмашууларга кеңири мүмкүндүк берүү максатында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик басма сөз жана басма иштери боюнча башкармалыгы менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлигинин ортосунда классикалык чыгармаларды эки тараптуу которуу жана басып чыгаруу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Меморандумга ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын классикалык чыгармаларды биргеликте эки тараптуу басып чыгаруу аракеттери макулдашылып, эки өлкөнүн китеп окурмандарына жана жалпы элине рухий маданияттын эӊ мыкты эмгектерин тартуу кылууга, эки тараптын бири-биринин эӊ мыкты маданияты жөнүндө түшүнүгүн жана суктануусун мындан дагы тереӊдетүүгө, маданий байланыштар менен алмашууларды кеңейтүүгө өбөлгө түзүлдү.
Бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн эки өлкөнүн көптөгөн басма компаниялары биргелешкен аракеттер менен үзүрлүү кызматташууда. Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын жана Кытайдын эксперттик комиссиясынын жетектөөсү алдында Кыргызстандын Гуманитардык басмасы, Кытайдын Элдик университетинин басмасы, Кытайдын Цзянсу провинциясынын чындыкка умтулган Илинь басмасы жана башка көп сандаган басма компаниялары менен корпорациялары тыгыз кызматташып, ар биринин ресурстары менен артыкчылыктары бул ишке толук жумшалып, эки тараптуу котормо долбоору ушул тапта жогорку сапатта жүзөгө ашырылууда.
Бул жолу жарык көргөн классикалык эмгектерди Кыргызстандын Гуманитардык басмасы басууга даярдаган, бул китептер философия, укук, экономика жана башка көп багыттарды, Кытайдын чечүүчү көптөгөн тармактырынын идеясын жана практикалык изилдөөлөрүн камтыйт. Которулуп жана басып чыгарылган бул эмгектерден кыргыз окурмандары Кытайдын экономикалык өзгөртүүлөрдү кантип жасаганын, коомдук башкарууда жана мыйзам чыгарууну түзүүдө кадам-кадам менен изилдеп, өзүнө ылайыктуу өнүгүү жолду кантип тапкандыгы менен таанышып, ошондой эле Кытайдын демократияны куруудагы өзгөчө жолун баамдай алышат.
Кыргызстандын Гуманитардык басмасы жакында бир катар мыкты илимий китептерди чыгарганы турат, алардын катарында “Кытай тарыхынын негизи”, “Маданий байланыштын изи - Кытайдын камыш кантынын тарыхы”, аӊгемелерден “Тирүүлүк” жана балдар адабиятынан “Чөп алачык” ж.б. чыгармалар бар.
Эске ала кетүүчү жагдай, Кытай тарап дагы Кыргызстандын эки адабий китебин кытай тилине которду: “Кичинекей Бердинин азаптары” (Турусбек Малдыбайдын эмгеги) жана “Ыр сабындагы өмүр” (Кеңеш Жусуповдун эмгеги). Булар Кыргызстандын мыкты адабий эмгектеринин үлгүсү катары кытайлык окурмандардын жогорку баасына арзыган. Мындан тышкары, Кыгызстандын “Тянь-Шандын байыркы эстеликтери” жана “Чынгыз Айтматов: Адам жана аалам” аттуу илимий китептери жакын арада сатыкка чыгат.
2024-жылдын июнь айында Пекинде эл аралык китеп көргөзмөсү өтүп жаткан учурда Кытайдын Элдик университетинин басмасы жаӊы китептердин бет ачарын уюштуруп, көптөгөн окурмандардын көӊүлүн бура алды.

Кыргызстан менен Кытайдын классикалык эмгектерди эки тараптуу которуу долбоорунун ийгиликтүү алдыга жылышы эки өлкөнүн маданий байланышынын маанилүү натыйжасы. Эки тарап классикалык эмгектерди которуу жана басып чыгаруу аркылуу Кыргызстан менен Кытайдын мурдатан калыптанган маданий байланышын ого бетер тереңдетүү менен идеологиялык өңүттөн дагы өз ара кеӊири ымала түзө алышты. Кыргызстан менен Кытайдын өз ара котормо долбоору келечекте да үзгүлтүксүз өнүгүп, эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызматташтыгынын пайдубалын бекемдөөгө салым кошот жана Кыргызстан менен Кытайдын маданий байланышынын жаӊы барагын ачат деп үмүттөнөбүз.